Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда Түрк мамлекеттери уюмунун өлкөлөрүнө Европа Биримдигине окшошуунун кереги жок деп кеңеш берди.
«Европа Биримдигинде төрагалык кылуу менен Венгрияда чындыгында көп иштер бар. Бирок, бул дагы бир күнү бүтөт. Бул жумуштун майда-чүйдөсүнө киргим келбейт. Бул кызматтар оңой эмес. Себеби, саясат идеологиянын жана идеологиялык ой жүгүртүүнүн фонунда гана калды. Бул эмне менен бүтөт? Биз көп сүйлөп, аз иш кылабыз. Биз буга байланыштуу кыйынчылыктарды көрүп жатабыз. Биз ийгиликке жетүүгө аракет кылып жатабыз, бул чоң эмгек талап кылат. Бир жагынан бюрократия бар. Бир нече жүздөгөн жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү унутпашыбыз керек. Бюрократия өтө оор. 52-53 укуктук маселе дагы деле жабыла элек. Эгер бир күнү силер, түрк элдери, ушундай ыкма менен кызматташууга өтсөңөр, биздин жолду жолдобогула. Анткени биз көп энергия, эмгек, адам ресурстарын текке кетирип жатабыз»,-деди Орбан.
Орбан 5-6-ноябрда Кыргызстанда расмий сапары менен жүрөт жана ал Түрк мамлекеттери уюмунун саммитине катышат.