Орбан тынчтыкка жетүүнү талкуулоо үчүн Киевге келди

Автор

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү үчүн Киевге келди.
Венгрия өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Берталан Хаваши билдиргендей, жолугушуунун негизги темасы «тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү».
«Виктор Орбан жана Владимир Зеленский ошондой эле венгер-украин эки тараптуу мамилелер боюнча учурдагы маселелерди талкуулашат»,-деп айтылат басма сөз катчысынын билдирүүсүндө.
Бул Орбандын Россиянын аскердик операциясы башталгандан бери Украинага жасаган биринчи визити.
Орбан — Россияны бардык жагдайларда колдобосо да, кээ бир принципиалдуу маселелерде колдогон европалык саясатчылардын бири.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы (U23) Иордания Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда кыргыз балбандары 7 медаль утушкан. Анын ичинен 3 — алтын, 1 — күмүш жана 3 — коло. Азия чемпиону наамын Абдымалик Карачев (57 кг), […]

Сизге жагышы мүмкүн