Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Россиянын өзөктүк доктринасынын өзгөрүшү жана Россиянын президенти Владимир Путиндин “Орешник” гипер үндүү баллистикалык ракетасынын сыноосу боюнча билдирүүсү алдоо эмес экенин, Батыш бул эскертүүнү олуттуу кабыл алышы керектигин айтты.
Анын айтымында, Батыш менен Россиянын айтылган сөздөрдүн салмагы жана мааниси ар башка. Батышта саясат, айрыкча акыркы жылдары 80 пайыз сөздөн жана 20 пайыз иш-аракеттен турат. Натыйжада геосаясат маселелеринде көптөгөн европалык саясатчылар “бул кадимки эле ички саясий күрөштүн коммуникациясы” деп эсептеп, кесепеттерине олуттуу маани бербей калууда.
“Россияда болсо президент бир нерсе айтса, бул жөн эле сөз эмес, анын салмагы жана кесепети болот. Россия өзөктүк курал колдонуу эрежелерин, доктринаны өзгөртүп жатса, бул коммуникациялык ыкма же алдоо эмес, аны чындап өзгөртүштү! Бул кадамдын сөзсүз кесепети болот”,-деди Орбан Kossuth радиосунун эфиринде.