Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Киевде Владимир Зеленскийге ок атууну токтотуп, Владимир Путин менен сүйлөшүү столуна отурууну сунуштады. Көпчүлүккө өзүнүн Москвага жакын саясатчы катары репутациясын дагы бир жолу тастыктады.
Сапардын негизги темасы – тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү экенин Орбандын басма сөз катчысы Берталан Хавашини билдирген. “Бүгүн биз адилет жана узак мөөнөттүү тынчтыкты кантип камсыз кылуу жөнүндө сүйлөшөбүз”,-деп жазган Зеленский өзүнүн телеграм каналында.
Бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы же тынчтыкты жөнгө салуунун келечеги жөнүндө билдирүү венгриялык премьер-министр гана жасады. “Биз Зеленский мырзанын тынчтыкка жетүү үчүн бардык демилгелерин абдан жогору баалайбыз, бирок, алар көп убакытты талап кылат жана дипломатиянын эрежелери менен абдан татаалдашкан”,-деди Орбан. “Мен Зеленскийге бул ишти башкача кылып болбойбу деп ойлонуп көрүүнү сунуштадым. Биринчи ок атууну токтотуу, андан кийин тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү. Анткени ок атууну токтотуу бул сүйлөшүүлөрдүн ылдамдыгын тездетүүгө жардам берет эле”,-деген Орбан өзүнүн демилгесинин маңызын айтып берди.
Зеленский Орбандын сунушуна жооп берген жок. Венгрияга Швейцарияда өткөн тынчтык саммитинин коммюникесине колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирүү менен чектелди.
Орбан Украинага Венгрия алты айга Евросоюз кеңешин башкарууну баштаган күндүн эртеси келген.