Орбан Кытайга сапарын “тынчтык миссиясы 3.0” деп атады

Автор

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Пекинге келди. Анын пресс-катчысы Берталан Хаваши Орбан “тынчтык миссиясы” менен келгенин билдирди.
«Премьер-министр Виктор Орбандын тынчтык миссиясы уланууда. Өкмөт башчысы дүйшөмбү эртең менен Пекинге келди. Күн ичинде Виктор Орбан Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат»,-деди Хаваши.
Орбан өзү X социалдык тармагында аэропорттон сүрөт жарыялап, “Тынчтык миссиясы 3.0. Пекин” деп жазган.
1-июлда Венгриянын Европа Союзунун Кеңешиндеги төрагалыгы башталгандан бери Виктор Орбан Киев, Москва жана Тоолуу Карабахка барды. Ал РФ жана Украина президенттери Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен жаңжалды жөнгө салууну талкуулады. Ал эми Азербайжанда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышты.
Европа Союзунун жетекчилиги Венгриянын премьерин сындаган. Европанын лидерлеринен Орбанды ачык колдогон жалгыз гана Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз – Тажик чек ара маселеси боюнча атайын кызматтын жетекчилери жолукту

Тажикстандын Согд облусундагы Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары — кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо […]

Сизге жагышы мүмкүн