Орбан: Кийинки станция — Вашингтон

Автор

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан АКШнын борбору Вашингтонго барарын билдирди. «Кийинки станция — Вашингтон»,-деп жазды ал Инстаграмда.
Өткөн аптада Орбан Киевде, Москвада, Тоолуу Карабахта жана Пекинде болгон.
“Евробиримдикке төрагалык кылган Венгрия Кытай жана Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелердин туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүдө активдүү роль ойнойт деп үмүттөнөт”,-деди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин дүйшөмбү күнү Пекинде Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушууда.
«Эл аралык коомчулук эки тараптын түз диалогун жана сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо үчүн шарттарды түзүп, жардам бериши керек»,-деди Си Цзиньпин.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоого 3,2 млрд сом насыя берилди

2024-жылдын 4-июлуна карата “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоордун алкагында республиканын 8 миң 279 айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, насыянын көлөмү 3 млрд 277 млн 92 мин сомду түздү. Анын ичинен: “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 7 миң 159 субъектке 2 млрд 917 […]

Сизге жагышы мүмкүн