Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан X социалдык тармагындагы баракчасына Европа Биримдиги Россияга каршы киргизилген санкцияларды алып салышы керектигин жазды. Анын пикиринде, азыркы чектөөлөр ЕБге гана зыян келтирүүдө.
«Санкциялар тууралуу сүйлөшчү убакыт келди! Алар согушту токтото алдыбы? Жок. Россиянын экономикасына зыян келтирдиби? Жок. Европа Россиянын ордуна башка жеткиликтүү энергия булактарын таба алдыбы? Жок»,-деп жазды Виктор Орбан.
«Брюсселдик бюрократтар тарабынан иштелип чыккан санкциялар бир гана нерсеге жетишти. Алар европалык экономиканын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн талкалады. Өзгөрүүлөрдүн убактысы келди!»-деди Венгриянын премьер-министри.
Учурда ЕБ саясий лидерлери Россияга каршы 16-санкциялык пакеттин мазмунун талкуулоодо. Анда Россиянын суюлтулган жаратылыш газынан баш тартуу, алюминий импортун тыюу, россиялык кемелерге чектөөлөрдү киргизүү жана дагы бир нече банктарды SWIFTтен ажыратуу каралууда. Бул пакетти 24-февралда кабыл алуу пландалууда.