Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 11-декабрда Россиянын президенти Владимир Путин менен эртең менен бир саат телефондук менен сүйлөшкөнүн билдирди.
«Бул орус-украин согушунун эң кооптуу апталары. Биз ок атышууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн бардык мүмкүн болгон дипломатиялык кадамдарды жасап жатабыз»,-деп жазды Орбан өзүнүн социалдык тармактагы аккаунтунда.
Сүйлөшүү Венгрия тараптын демилгеси менен өткөн. Анда Украинанын айланасындагы маселелер боюнча пикир алмашуу болгон.
Сүйлөшүү учурунда Сириядагы акыркы окуяларга байланыштуу Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абал да талкууланды.