Оппозиция президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыкты

Автор

Молдовада оппозициялык “Жеңиш” блогунун Телеграм каналында учурдагы президент Майя Санду Европадагы шайлоо участокторундагы бурмалоолор жана массалык мыйзам бузуулар аркылуу гана Александр Стояноглону жеңип чыккандыгы айтылат.
Оппозиция өкүлдөрү чет өлкөлөрдөгү добуш берүү участокторунда шарттар бирдей болбогондугун баса белгилешти. Бул адилетсиздикти мыйзам деңгээлинде чечүү зарыл экени айтылды.
Молдовада мамлекет башчысын шайлоонун экинчи туру 3-ноябрда өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, учурдагы президент Майя Санду шайлоодо 55,33 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Атаандашы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 44,67 пайыз добуш алды.

Бөлүшүү:
Next Post

6-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 6-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+16, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +10…+15, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +12…+17, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10. Бишкекте […]

Сизге жагышы мүмкүн