Al Arabiya телеканалы Аль-Ахли ооруканасына кол салуудан кийин жабыркагандардын саны 800гө жеткенин билдирди. Палестинада үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Хамас ооруканага жасалган кол салууну геноцид кылмышы деп атап, эл аралык коомчулуктан, араб жана ислам өлкөлөрүнөн Израил бийлигинин агрессиясын токтотуу үчүн “жоопкерчиликти алып, дароо кийлигишүүсүн” талап кылды.
Израилдин Коргоо кучтору жардыруу террордук деп таанылган уюмга ракета учуруусунун натыйжалары болгон деп ырастоодо.
Ооруканага жасалган чабуулдан кийин Ирак, Иран, Ливан, Египет, Тунис, Сирия, Йемен жана башка өлкөлөрдө нааразылык акциялары башталды. Амманда эл Израилдин элчилигин өрттөп жиберди. Ооруканага жасалган аба соккусун Египеттин, Иорданиянын, Катардын, Сауд Аравиянын жана бир катар башка мамлекеттердин бийликтери айыпташты. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Газадагы болуп көрбөгөндөй мыкаачылыкты” токтотууга чакырды. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо аба соккусун “коркунучтуу жана кабыл алынгыс” деп атады.
Ооруканага кол салууга байланыштуу Россия менен БАЭ 18-октябрда эртең менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү суранды.