Беларусиянын президенти Александр Лукашенко 9-майдан бери эл алдына эми чыкты.
14-майда Беларусь мамлекет башчысы Аскердик аба күчтөрүнүн жана абадан коргонуу күчтөрүнүн борбордук командалык пунктуна барып, абадан коргонуу боюнча күжүрмөн нөөмөт милдеттерин уюштуруу жана аткаруу боюнча отчетту укту. Ал келген аскер бөлүгү Минсктин четинде жайгашкан. Президент менен жолугушууда Беларусь Республикасынын Коопсуздук кеңешинин статс-катчысы, Коргоо министри жана Беларусь Республикасынын Аскердик-аба жана абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы жүрдү.