Жер мунапысы боюнча Бишкекте он миңге жакын турак жайдын документи каралат. Мындай маалыматты архитектура курулуш жана турак жай, мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев таратты.
“Бишкек шаардык архитектура менен шаар куруу департаменти биргеликте иш алып барып барышууда. Бишкек боюнча 13 жаңы конушта, Төкөлдөштө көйгөйлөр бар. Ал жакта курулуштун долбоору боюнча эмес, кырдаалга жараша эле кетип атабыз. Учурда топографиялык изилдөө иштери бүтүп, жакында кызыл китептерин беребиз”, – деди ал.