Онлайн кредит берүүдө мүчүлүштүктөр көп

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары онлайн кредит берүүдөгү мүчүлүштүктөргө токтолушуп, телефон аркылуу алданып калгандардын маселесин көтөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында айтылды.
“Алдамчылар сабаттуу сүйлөп, сизге туура эмес акча которулуп калыптыр, мен бир код жөнөтөм, ошону басыңыз дешет экен. Эч нерсени ойлобой басканда, акча автоматтык түрдө которулуп кетип жатат. Ушул боюнча Улуттук Банк көзөмөлдөп, системасын карап чыксын”,- деп маалымдады депутат Эмил Токтошев.
Ал эми депутат Сүйүн Өмүрзаков бул боюнча укук коргоо органдарын териштирип, көйгөй менен күрөшүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар мектептердин көйгөйүн дагы көтөрүштү

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 12-сентябрда кайрадан мектептеги көйгөйлөрдү көтөрүштү. Бишкек шаарындагы номер 70, 26, 31, 63, 4, 37, 98- мектептерде математика, химия, физика, география, тарых, информатика жана орус тили боюнча мугалимдер жетишсиз болуп, жабылуу алдында турганын Бактыбек Чойбеков билдирди. “Мына, окуу жылы жаңы башталды. Көйгөйлөргө көңүл буруу зарыл, бул мектептердин […]

Сизге жагышы мүмкүн