Парламентте элди алдаган айрым курулуш компаниялары боюнча маселе дагы көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешов “Сатурн менин конушум” атту ипотекалык курулуш компаниясы элдерди сызга отургузуп, жетекчилери өлкөдөн качып кеткенин билдирди. Ал “Онлайн кеңешме ачууну сунуштап жатат. Мамлекет ага юридикалык жана экономикалык билимге ээ адистерди отургузса, жарандар батир алаарда компаниялар боюнча маалымат алып турушат. Бул алдамчылыкка бөгөт коюучу эң жөнөкөй аракет деп түшүндүрдү депутат.