Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун директору Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов парламентте социалдык саясат комитетинде билдирди.
Аталган борбордун жетекчисинин милдетин жетекчинин орун басары аткарууда.
Б. Султангазиева 2021-жылдан тарта аталган борборду башкарып турган. Буга чейин депутаттар тарабынан нааразылыктар да ага карата байма-бай айтылып келген.
Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курамасы дүйнө чемпионатына катышууда
Дүй Ноя 11 , 2024