Польша Париждеги Олимпиаданын коопсуздугун камсыздоо үчүн аскерий жана атайын үйрөтүлгөн иттерди жиберүүнү көздөөдө. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш социалдык түйүндөрүндө билдирди.
Анын айтымында, Польшанын куралдуу күчтөрү коалициялык күчтөрдүн патрулдук иштерине жана Олимпиада оюндары учурунда коопсуздукту сактоого жардам берет. Парижде польшалык солдаттардын оперативдуу отряды болот.
Министр ошондой эле польшалык адистер иттер менен биргеликте жардыруучу заттарды издеп, теракттарды алдын ала турганын билдирди.