Олимпиадага катышкан спортчуларга унаа жана акчалай сыйлык берилди

Автор

Бүгүн, 13-августта XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан 16 спортчубуз Кыргызстанга кайтып келди.
Аларды расмий тосуп алуу салтанатында президент Садыр Жапаров Париждеги 33-Жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышып, Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу алты медаль утуп келген спортчуларды куттуктады жана баарына акчалай сыйлык,унаалар белекке берилди. Күмүш жана коло медалга татыган алты спортчуга КИА Моторстун унаалары белекке берилсе, калган катышуучулардын баарына жакында эле Кыргызстанда өндүрүлүп баштаган «Chevrolet» унаалары тапшырылды.
Мындан сырткары акчалай белектер да берилди. Күмүш медаль тагынган Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сомдон, коло медалга татыган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбековго 7 млн сомдон сыйлык ыйгарылса. Ал эми бардык катышуучуларга ар бирине 1 миллион жана 500 миң сомдон берилди.
Белгилей кетсек, Олимпиадага Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерде күч сынашты.
Жалпысынан Кыргызстан Олимпиадада 6 медаль – 2 күмүш, 4 коло утту. 206 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча Кыргызстан 6 медалы 68-орунга чыкты.

Бөлүшүү:
Next Post

Сел каптаган «Рух Ордо» маданий борбору тазаланып жатат

Чолпон –Атадагы “Рух Ордо” маданий борборунда селден кийин тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сел суулары 1 дүкөндү, 7 турак жайды жана Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборун каптаган. Бактуу-Долонотуу айылындагы турак үйдүн жер төлөсүнө да суу кирген. Эртең менен Өзгөчө […]

Сизге жагышы мүмкүн