Олимпиадага катышкан кайсы спортчулар сыйланды? Тизме

Автор

Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койду. Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери үчун бир канча спортчу Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Алар:
Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Париж Олимпиадасына катышып келген Бекзат Алмаз уулу;
Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Париж Олимпиадасына катышып келген Кубанычбек Айбек уулу;
Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Париж Олимпиадасына катышып, ошол жерде бут кийимин чечип, карьерасын жыйынтыктай турганын билдирген Айаал Лазарев;
Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Париж Олимпиадасында 30-орунду ээлеген Елизавета Печерских;
Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Парижде өткөн Олимпиада оюндарында 14-орунга ээ болгон Сардана Трофимова;
Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Олимпиада оюндарына катышкан Эрлан Шеров.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров энергетиктерди куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетика тармагына берилүү менен кызмат кылып келе жаткан бардык кызматкерлерди жана бул тармактын түптөлүп, өркүндөшүнө бүтүндөй өмүрүн арнап, салымын кошкон ардагерлерди 90 жылдык маараке жана Энергетиктер күнү […]

Сизге жагышы мүмкүн