Олжобай Шакир 5 жылга эркинен ажыратылды

Автор

Жазуучу, акын, публицист Олжобай Шакир «массалык башаламандыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 14-майда Аламүдүн райондук соту чыгарды.
Ал эми Олжобай Шакирдин жактоочусу Акмат Алагушев чечим менен макул эмес экендиктерин айтып, райондук соттун өкүмүнө каршы арыз менен Бишкек шаардык сотко кайрыла тургандыктарын билдирди.
Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза» кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Кыргызстан Олимпиадага 13 жолдомо алды

Быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчуларында азырынча 13 лицензия бар. Аларды балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Үзүр Жусупбеков, Айаал Лазарев, ошондой эле сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана жөө күлүктөр Сардана Трофимова менен Илья […]

Сизге жагышы мүмкүн