Олжобай Шакир пробация менен абактан бошотулду

Автор

Бүгүн, 8-октябрда журналист, жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин соту Жогорку сотто каралып, 3 жылдык пробация менен абактан бошотулду.
Эске салсак, Олжобай Шакирди беш жылга абакка кесүү боюнча Аламүдүн райондук сотунун жана аны күчүндө калтырган Чүй облустук сотунун чечимине каршы 5-августта Жогорку сотко апелляциялык арыз берилген.
14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган.

Бөлүшүү:
Next Post

АЭС куруу боюнча референдумдун жыйынтыгы чыкты

Борбордук референдум комиссиясы Казакстанда АЭС куруу боюнча республикалык референдумдун акыркы жыйынтыктарын жарыялады. Референдумдун жыйынтыгында АЭС курууга 5 561 937 жаран же добуш бергендердин 71,12 пайызы колдоо көрсөтүштү. 2 045 271 казакстандык «жок» деген жоопту берди. 130 267 бюллетень жараксыз деп табылды. Референдумга катышкан казакстандыктардын саны 7 820 204 адамды же […]

Сизге жагышы мүмкүн