Израил менен ХАМАС кыймылынын эки күнгө узартылган ок атышпоо келишими 28-ноябрда күчүнө кирди. Анын алкагында Газа тилкесиндеги барымтадагы 20 израилдикти бошотуу, анын ордуна Израилдин түрмөлөрүндөгү 60 палестиналык туткунду чыгаруу пландалууда.
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал 7-октябрдан бери уланууда. 22-ноябрда тараптар Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү жана туткундарды алмашууну камтыган төрт күндүк убактылуу ок атышпоо тууралуу макулдашкан. 27-ноябрда ок атышпоо эки күнгө же 30-ноябрга чейин узартылды. Газада барымтага алынгандардын ар бири үчүн Израил үч палестиналык туткунду бошотууга убада берди.