Окуучулардын «Тулпар» картасын башка адамдар колдонууга болбойт. Айып салынат

Автор

Коомдук транспортту колдонуу үчүн мектеп окуучулары айына 360 сом жаңы баада “Тулпар” жашыл картасын сатып ала алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларына арналган жеке “Тулпар” карталарын башка адамдар колдоно албайт. Эгерде карта башка адам тарабынан колдонулуп жаткандыгы аныкталса, карта конфискацияланып, колдонуучуга айып салынат.
“Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол кире болгону 8 сомду түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Ал эми чоңдор үчүн айына 1020 сомдон стандарттуу чексиз жол билеттери бар.
Белгилеп кетсек, Бишкектеги муниципалдык транспортто, автобус жана троллейбустарда жол кире 30-январдан тарта көтөрүлөт. Тариф көтөрүлгөндөн кийин коомдук транспортто контролерлор иштей баштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы КР Президентинин № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөр менен Мыйзамдын түзүмү […]

Сизге жагышы мүмкүн