Окуучулардын тамагынын акчасы жогорулады

Автор

Башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамактын суммасы жогорулады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, азыр бир окуучунун тамагына 14 сом бөлүнөт, мурда ал 7 сомду түзчү.
Депутат Гүлкан Молдобекова күн сайын баалар көтөрүлүп жаткандыктан, азык-түлүктү сатып алуу, сактоо маселесин чечүү керектигин айтты. «Мектептер окуу жылына карата сатып алууларды жасоого аракет кылып жатышат», — деп жооп берди Супаналиев.
Молдобекова сатып алуулар тендер аркылуу жүргүзүлүп, бир жылдан бери келишимдер түзүлбөй жатканын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагы бир сот кылтакка илинди

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы Гүлзат Абдинасирова 3000 доллар пара талап кылууга шектелип, кылтакка илинди. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматты таратты. Ал 27-сентябрь күнү 2500 долларын алып жатканда колго түшүрүлгөн. 500 доллары ортомчусунда болгон. Биринчи Май райондук соту аны 17-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу жайында калтырды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн