Окуучулардын каникулдарынын мөөнөтү белгиленди

Автор

Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйругуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө жана менчик формалардагы мектептерде, 2024-2025-окуу жылы 2024-жылдын 2-сентябрында башталып, 2025-жылдын 26-майында аяктайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Маалыматка ылайык, каникулду эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы: 1-класста — 33 жума, 2-8, 10-класстарда — 34 жума жана 9, 11-класстарда мамлекеттик сынактарды тапшыруу убактысы менен 36 жума болот.
2024-2025-окуу жылындагы каникулдардын графиги:

күзгү каникул — 2024-жылдын 4-10-ноябрь күндөрү өтөт. Сабактар 2024-жылдын 11-ноябрынан башталат;

кышкы каникул — 2024-жылдын 30-декабрынан 2025-жылдын 12-январына чейин болот. Окуу 2025-жылдын 13-январынан башталат;

жазгы каникул — 2025-жылдын 17-23-март күндөрү өтөт, сабактар 2025-жылдын 24-мартынан башталат.

480 сааттык “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасын окуган алты жаштагы балдар үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча эки жумага узартылат. Ал эми 1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча бир жумага узартылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Финляндия Россия менен чек арага 5 миңге чейин НАТО аскерлерин жайгаштырат

Россия менен чек арага жакын жайгашкан Миккели шаарында 5 миңге чейин аскери бар. Ал жерге НАТОнун танкалык бригадасы түзүлөт. Бул чечим жөнүндө расмий түрдө алдыдагы жума ичинде жарыяланары күтүлүүдө. Буга чейин Финляндиянын Коргоо министрлигинин башчысы өлкө НАТОнун башка мүчөлөрү менен анын аймагына альянстын аскерлерин жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген. […]

Сизге жагышы мүмкүн