Окуучулардын жазгы каникулу 22-мартта башталат

Автор

Быйыл мектеп окуучулардын жазгы каникулу 22-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин базистик окуу планына ылайык, каникул беш күнгө созулат, башкача айтканда, мектептерде cабак 27-мартта башталат.

Мекемеден билдиргендей, быйыл кышкы каникул узартылгандыгына байланыштуу окуучулар жазгы эс алууга кечирээк чыгып, каникул кыска убакытка созулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Лавров менен Блинкен G20 жыйынында бири-биринен алыс отурушту

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Индияда өткөн Чоң жыйырмалыктын министрлеринин жыйынында бири-биринен алыс отурушту. Украинада атайын операция башталгандан бери биринчи жолу көзмө-көз жолугушканы айтылууда. Анткен менен Лавров менен Блинкен 2022-жылдын февралынан кийин көп тараптуу иш-чаралардын чегинде, Индонезиянын Бали аралында өткөн G20 тышкы иштер […]

Сизге жагышы мүмкүн