Узун жылдардан бери тартышылып келген окуучулардын мектепте уюлдук телефон колдонуусу Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү.
“Азыр көпчүлүк жеке менчик мектептерде окуучуларга уюлдук телефон колдондурбайт. Сабакка келгенде алып, текчеге коюп коюшат, чыгаарда алып кетишет. Балким, мамлекеттик мектептерге да ушул эрежени киргизсек жакшы болот”,- деди Элдар Абакиров.
Депутат Нурлан Азыгалиев мектептерде уюлдук телефондорду чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Депутаттар колдоого алса, мыйзам окуучулардын жакшы билим алуусун шарттайт.