Окуучуларга жана мугалимдерге балка менен кол көтөргөн өспүрүм кармалды

Автор

Челябинск шаарындагы №68 мектепке 13 жаштагы өспүрүм балка менен башка окуучуларга жана мугалимдерге кол көтөрдү. Челябинск облусу боюнча Ички иштер башкармалыгы өспүрүм кармалганын, кылмыш иши козголгонун билдирди. Кылмыш иштери киши өлтүрүүнү уюштуруу жана шалакылык боюнча козголду. Тергөө органдары окуя болгон жерди текшерип, кол салуунун шарттарын аныктоодо. Аймактагы Саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматы боюнча, төрт жабырлануучу (эки кыз, 13 жаштагы бала жана мугалим) ооруканага жеткирилди. Алардын абалы туруктуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент эл аралык олимпиадалардын байге ээлери менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров жаш интеллектуалдарды жана спортчуларды куттуктап жатып, соңку жылдары […]

Сизге жагышы мүмкүн