Окумуштуулар шоколаддын пайдалуу жаңы касиетин табышты

Автор

Кытай окумуштуулар шоколаддын жаңы пайдалуу касиетин табышты. Кара шоколадды керектөө кан басымынын узак мөөнөттүү жана туруктуу жогорулашы менен коштолгон өнөкөт оору болгон негизги гипертониянын пайда болуу коркунучун азайтышы мүмкүн.
Кытай окумуштуулары изилдөө учурунда 65 миңге жакын европалыктын ден соолук маалыматтарын, биологиялык материалдарын жана тамактануу адаттарын изилдешкен.
Алардын аныктоосу боюнча, кара шоколаддын курамындагы флаванолдор эндотелийдин иштешин жакшыртат жана тамырлардын ийкемдүүлүгүн жогорулатат.
Ошондой эле кара шоколад мээни жакшы азыктандырат жана когнитивдик функцияларды жакшыртат деп белгилешти окумуштуулар. Аны күн сайын колдонуу кандагы глюкозанын деңгээлин жогорулатып, инсулинге каршылыкты жакшыртат. Мындан тышкары, кээ бир изилдөөлөр шоколад жегендер депрессия коркунучу азыраак болоорун көрсөттү

Бөлүшүү:
Next Post

Германия Украинага 7 миллиард евро жардамын жарыялады

Германия 2024-жылы Украинага 7 миллиард евродон ашык аскерий жардам берүүнү пландоодо. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү билдирди. 16-январда Германиянын канцлери Олаф Шольц америкалык лидер Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Украинага жардам берүүнү улантуу, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашканы белгиленди. Ал арада Германияда дыйкандардын нааразылык акциялары токтобой жатат. Euronews […]

Сизге жагышы мүмкүн