Европа космос агенттигинин (ЕКА) Solar Orbiter миссиясы Күндүн эң деталдуу сүрөттөрүн көрсөттү.
Маалыматка ылайык, бул сүрөттөр PHI жана EUI деп аталган поляриметриялык жана гелиосейсмологиялык аспаптардын жардамы менен тартылган жана Күндү укмуштуудай деталдуу түрдө чагылдырат.
PHI Күндүн фотосфера деп аталган үстүн тарткан. Плазманын кыймылы жана күн тактары, күчтүү магнит талаалары бар караңгы аймактар көрсөтүлгөн.
EUI аспабы болсо Күндүн сырткы атмосферасы болгон тажысын тарткан. Анда миллиондогон градуска чейин ысыган плазма магниттик сызыктардын багыты боюнча кыймылдап жатканын көрсөтөт.
Бул маалыматтар илимпоздорго Күндүн активдүүлүгү Жерге кандай таасир этерин түшүнүүгө жардам берет. Мындай жогорку сапаттагы сүрөттөр жылына эки жолу жарыяланат.