Окумуштуулар: Коронавирус базардан тараган

Автор

Эл аралык изилдөөлөрдө коронавирустун таралышы Кытайдын Ухань шаарындагы Хуанань базарынан башталганын айтышты. Бул изилдөөнү АКШ менен Улуу Британиянын окумуштууларынан турган 23 илимпоз даярдап, Cell журналына жарыялашты.
Маалыматка ылайык, COVID-19 менен ооруган алгачкы белгилүү бейтаптардын көбү Хуанань деңиз азыктарын дүң базарда иштеген же ал жакка барган адамдар болгон. Дарыгерлер алгач бул базардын вирус таратууга тиешеси бар экенин шаардагы ар кандай ооруканадагы бейтаптарды карап аныкташканын окумуштуулар белгилешет. 2019-жылдын декабрь айында ооруканага түшкөн 174 бейтаптын 32 пайызы бул жер менен байланыштуу болгон. Ошондой эле, пневмониядан ашыкча өлүм алгач базарды курчап турган аймактарда катталган.
«Хуанань базары Ухандагы жапайы жаныбарларды эң көп саткан жер. Шаарда 12 миллиондон ашуун киши жашайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кылтакка илингендер жаза мөөнөтүн өтөшөт

“Бир дагы сот же, прокурор түрмөдө отуруп калган жок. Баары чыгып кетти. Бир дагы кызматкерди биз сотко жөнөтө алган жокпуз. Баардыгы баягы эле “тергөө менен кызматташуу”же, “жаза төлөө” деген беренелер менен кутулуп кетишти. Мындан ары жаза төлөп бошонуп кетүү болбойт”,- деп билдирди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Анын айтымында, жаза төлөмдөрүн […]

Сизге жагышы мүмкүн