Окумуштуулар: Дүйнөдө ковиддин жаңы түрү жайылууда

Автор

Окумуштуулар дүйнө жүзү боюнча XEC деп аталган ковиддин жаңы варианты тарай баштаганын эскертишүүдө. Бул коронавирус инфекциясынын негизги түрүнө айланып, мурунку варианттарды сүрүп чыгышы мүмкүн.
Аталган вариант биринчи жолу быйыл июнь айында Германияда аныкталган. Кийин Улуу Британия, АКШ, Дания жана башка бир нече өлкөлөрдө катталганын америкалык окумуштуу, Scripps Research институтунун директору Эрик Топол «Х» социалдык тармагында бөлүштү.
«Бул үчүн бир нече апта, эки айдай убакыт керек болот, андан кийин ал чындап күчөп, өзүнүн толкунун жарата баштайт»,-деди Топол.
Окумуштуулар учурдагы вакциналар бул түрдүн эң олуттуу кесепеттерин алдын алууга жардам берет деп эсептешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Неймар Сауд Арабия чемпионатында ойнобойт. Себеби

Неймар Сауд Арабия чемпионатында ойнобойт. Себеби бразилиялык чабуулчу Неймар “Аль-Хилалдын” курамына кирген эмес жана Сауд Аравиянын чемпионатында ойнобой тургандыгы айтылды. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун өткөрүлгөн медициналык текшерүү Неймардын оюнга толук даяр эместигин жана калыбына келиши үчүн дагы бир-эки ай керек экенин көрсөттү. […]

Сизге жагышы мүмкүн