6-октябрь: Көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 6-октябрга караган түнү Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын  айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +10… +15, күндүз +19…+24,
Талас облусу түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +5…+10, күндүз +17 …+22,
Нарын облусу түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…14, күндүз +21…23 жылуу болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн