Оксфорд университетине кыргыз тили курсу ачылат

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британияга жасаган расмий иш сапарында Оксфорд университетинде кыргыз тилин окуткан курс ачылары айтылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Төрага Улуу Британия парламентинин Кыргызстан боюнча партиялар аралык тобунун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашкан.
«Байыркы элдердин бири саналган кыргыз калкынын тилин окуткан курстун ачылышы эки тараптуу алакаларды чыңдоодо гана эмес, эл аралык байланышты арттырууда да өзгөчө мааниге ээ. Биз кыргыз тил курсун колдойбуз жана бардык керектүү жардамдарды көрсөтөбүз. Келечекте аталган курс тилди гана үйрөтпөстөн, кыргыз маданиятын жана баалуулуктарын таанытууга да көмөкчү болот деген ишеничтебиз», – деген Шакиев.
Ал эми Улуу Британия парламентинин өкүлү Роберт Стюарт өнөктөштүктү өнүктүрүүдө парламенттердин ролу жогору экенин айтып, кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн Оксфорд университетинде атайын курс ачыларын маалымдаган

Бөлүшүү:
Next Post

Таанымалдардын тайкы тагдырлары

Биздей өлкөлөрдө европалык атактуулардын өмүр таржымалы анча белгисиз. Бирок, алар европалык болгону үчүн бааланышат. Ким эмне чиймелесе, сөзсүз европалык кайсы бир атагы таш жарган адамдардын сөздөрүнөн цитата келтиргенди адатка айландырып алышкан. Арийне, ал адамдардын айрымдары үй-бүлө институтунан түшүнүгү болгон эмес. Ошондой таанымалдардын айрымдарын сиздер үчүн даярдадык. – Немис философу Иммануил […]

Сизге жагышы мүмкүн