Ош облусунун губернаторунун 1-орун басары Данияр Жаныкулов үн катты. Социалдык тармак аркылуу өзүн колдогондорго ыраазычылык билдирип, ар дайым элдин колдоосуна муктаж экендигин айткан. Ал коомчулукка кайрылуусунда “мени Ош облусунун губернатору болуп келатат деген имиштер чындыкка жатпайт, мындай ушактар үчүнчү күчтөргө гана пайдасын тийгизет. Алар өзүн пиар кылдырып жатат деген ушакты чыгарып, өлкө жетекчилерине жаман көрсөтүшү мүмкүн деп”,- билдирди. “Учурда губернатор Зиядин Жамалдинов өз ордунда иштеп жатканын айтып, кызматын тапшырып кетти”, – деген жалган сөздөргө ишенбөөгө чакырды.