Бүгүн, 28-июнда ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, күндүн экинчи жарымында жана 29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
— турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
— Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
— мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт
Жум Июн 28 , 2024
Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Катуу шамал учурунда: — Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз; — Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз; — Көз айнек кийиңиз. Кырсык […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/06/шамал.jpg)