Нью-Йоркто такси жөө адамдарды сүздү

Автор

Fox News кабарлагандай Нью-Йорктун эл көп жүргөн аянтында такси жөө адамдар тобун сүзүп, алты адам жабыркады.
Нью-Йорк полиция департаменти такси туристтер көп барган Геральд-сквер аянтында, Бродвей, Алтынчы авеню жана 34-көчө кесилишкен жерде бир нече адамды сүзгөнүн ырастады. Маалыматка караганда, таксинин айдоочусу 58 жаштагы эркек. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
Айдоочу кармалган эмес. Учурда кырсык боюнча иликтөө жүрүп жатат.
25-декабрга караган түнү Лондондун борборунда белгисиз бир адам түнкү клубдун кире беришинде жөө адамдар тобун сүзүп кеткенин шаардын полиция кызматы кабарлады.

Төрт жабырлануучу ооруканага жеткирилип, алардын биринин абалы оор. Унаанын 31 жаштагы айдоочусу адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалган. Полиция бул окуя терроризмге байланыштуу эмес экенин белгиледи. Бардык жагдайлар боюнча иликтөө башталды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан алты араб өлкөлөрүнө визасыз режимди киргизет

Кыргызстан алты араб өлкөлөрү үчүн 2025-жылдын 4-январынан тарта визасыз режимди киргизет. Аталган өлкөлөрдөн келген туристтер Кыргызстандын аймагында 180 күн уруксат берүүчү документтерди албастан жүрө алат. Алар: Сауд Арабия; Бириккен Араб Эмираттары; Катар; Кувейт; Оман; Бахрейн. Ал эми башка максат менен кирген учурда (иштөө, окуу) виза талап кылынат. Бул чаралар туристтик […]

Сизге жагышы мүмкүн