Нью-Йорктогу Келечек саммитте эмнелер талкууланат?

Автор

22-23-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгын ачып, Келечек саммити өтөт. Анда 130дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары «адамзат жана планета үчүн жакшы келечекти» камсыздоо жолдорун талкуулайт. Эл аралык коопсуздук жана чыр-чатактарды жөнгө салуу, санариптик өнүгүү, теңсиздик менен күрөшүү маселелери сөзгө алынары күтүлүүдө.
Келечек саммити БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин демилгеси менен өтөт. Эки күнгө созулган иш-чаранын күн тартиби абдан кеңири. Саммитке катышуучуларга адамзатты түйшөлткөн бардык маселелерди, эл аралык тынчтык жана коопсуздук, глобалдык башкарууну реформалоо, адам укуктары, климаттык кризис жана гендердик теңчилик сыяктуу темаларды талкуулоо сунушталды. Жогорку даражалуу расмий адамдардан тышкары, саммитке байланыштуу жолугушууларга бейөкмөт секторунун көптөгөн өкүлдөрү жалпысынан 7 миңге жакын адам чакырылган.
Келечек саммитин өткөрүү идеясы БУУнун мүчө-мамлекеттеринин Антониу Гутерришке учурдагы жана алдыда турган көйгөйлөрдү жана коркунучтарды чечүү үчүн глобалдык кызматташтыктын концепциясын иштеп чыгуу өтүнүчүнө жооп катары сунушталган. Бул чакырык БУУнун 75 жылдыгы белгиленген 2020-жылы, COVID-19 кризиси менен коштолгон учурда айтылган.
Дал ошол учурда өлкөлөрдүн глобалдык коркунучтарга каршы күрөшүүдө биримдиктин жоктугу айкын болгон. Ушуга байланыштуу, БУУнун башкы катчысы «Биздин жалпы күн тартибибиз» аттуу отчетту даярдап, анда Келечек саммитин өткөрүүнү жана глобалдык кызматташтыктын жаңы концепциясын түзүүнү сунуштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бактыгүл Көкөтаевнын баёо дүйнөсү

Учурда көптөн күттүргөн Бактыгүл Көкөтаеванын “Жамгыр калсын эсимде” аттуу китеби колго тийип, көпчүлүктүн сүйүп, издеп окулган китебине айланды. Айрыкча андагы күндөлүктөрү адамды артка кылчайтып, турмуштун дагы бир пардасын ачат. Эмесе Жыргалбек Касаболоттун Бактыгүлдүн китебине жазган баш сөзүн сунуштайтбыз: Бактыгүл Көкөтаевнын баёо дүйнөсү Кыргызда “атын атасаң куту сүйүнөт” деген улуу сөз […]

Сизге жагышы мүмкүн