Казакстан туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин аты ыйгарылган Улуттук коргонуу университетинин атын өзгөртүүнү пландап жатат.
Казак өкмөтүнүн коомчулукка сунуштаган токтомунун долбоорунда аталган окуу жай мындан ары Казакстан Республикасынын Улуттук коргонуу университети деп аталат.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Улуттук мажлистин депутаты Бекбол Орынбасаров аталган университет атын өзгөртөөрүн билдирип, муну “Казакстан Республикасынын биринчи президенти-Элбашы жөнүндөгү мыйзамы” күчүн жоготконуна байланыштуу ишке ашууда деп билдирген.