Нурлан Шакиев жер – суулардын тарыхый аттарын калтырууну сунуштады

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жер – суу аттарын адам ысымына ыйгаруунун кооптуулугуна өкмөттүн көңүлүн буруп, өзүнүн тарыхый аттары менен калтыруу сунуштады. Бул тууралуу төрага бүгүн, 13-июнда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
“Кыргыз элинин мыкты уул, кыздары көп экен. Бирок, алардын баарынын атын ыйгарууга айыл өкмөттөр жетишпейт. Андыктан, тарыхый аттарын сактап калган жакшы. Мисалы, Аксы районунда бир да, жер – суу аттарына же, айыл өкмөттөргө адам ысымдары ыйгарылган эмес”,- деди ал.
Бүгүн парламентте Ысык-Көл облусунун Тору -Айгыр айыл өкмөтүнө Касым Тыныстановдун атын ыйгаруу сунушу көтөрүлдү. Бирок, Акылбек Жапаров төраганы кубаттап, жакында жер – суу аттарынын өзүнүн тарыхый аттарын сактап калуу максатын көздөгөн мыйзам долбоору сунушталаарын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Казанда БРИКС эл аралык спорттук оюндары башталды

Татарстандын Казань шаарындагы “Казань Экспо” салтанат залында БРИКС эл аралык спорттук оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге департаменттин директору Айбек Абдымомунов, Россиянын спорт жана туризм министри Михаил Дегтярев жана Татарстан президенти Рустам Минниханов катышты. Ачылыш аземде өлкөлөрдүн парады болуп, Кыргызстандын […]

Сизге жагышы мүмкүн