Нурланбек Шакиев иш сапары менен Тажикстанга кетти

Автор

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Тажикстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияга катышат.

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Динара Ашимова, Жумабек Салымбеков жана Элдар Сулайманов бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте кыргыз-орус билим форуму өтөт

Бишкекте 14-15-октябрь күндөрү кыргыз-орус билим форуму өтөт. Маалыматка ылайык, аталган форумга Россия менен Кыргызстандын 60тан ашуун окуу жайларынын студенттери катышып, сабактар өткөрүлүп, жогорку окуу жайларынын эң ири көргөзмөлөрү көрсөтүлөт. Форумдун жүрүшүндө тоо-кен тармагындагы билим берүү, алдыңкы инженердик мектептер жана өнөр жай өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүү, медицина, айыл чарба сектору […]

Сизге жагышы мүмкүн