Нурланбек Шакиев: “Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт”

Автор

Билим берүү министрлиги экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңешти төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 20-декабрда III Элдик Курултайда билдирди.
Төраганын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги «Жогорку билим жана илим министрлиги» жана «Агартуу министрлиги» болуп экиге бөлүнөт.
“Бизде билим берүү жана илим министрлиги аябай чоң тармак. Министрлик бир эле учурда мектепке чейинки билимди, мектепти, лицейлерди, кесиптик, жогорку окуу жайларды, илим изилдөө институттарын, Илимдер академиясы өндүү 8-9 багытты алып барат. Буга эки баштуу министрликти койсок дагы алып кете албай жатат. Мен министрликти бөлүш керек деп, парламенттин триубунасынан да бир-эки жолу айттым. Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогору билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Демилгени урматтуу президентибиз кубаттап, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат”, – деди Нурланбек Шакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Ирак Сирияга 2 миңге жакын аскер кайтарды

Ирактын бийлиги оппозициялык күчтөрдүн чабуулу учурунда ноябрь айынын аягында өлкөдөн качып кеткен 2 миңге жакын сириялык аскер кызматкерин Дамаскка өткөрүп берди. Эль-Каим чек ара постунда Сирияга 1905 сириялык офицер жана алар менен байланышта болгон адамдар өттү. Ирак тарап жаңы сириялык бийликти алардын коопсуздугун камсыз кылууга, мунапыска тартууга жана үй-бүлөлөрү менен […]

Сизге жагышы мүмкүн