Нурланбек Шакиев: “Биз гимнди өзгөртүшүбүз керек”

Автор

Биз гимнди кайра жазышыбыз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, Советтер союзу тараган маалда, азаттыкты алганда биздин гимн жазылган. Ал күн өттү, биз бүгүн өнүгүп жаткан бакубат, кудуреттүү, келечектүү мамлекетте жашап жатабыз.
“Андыктан биз гимнди өзгөртөбүз. Келечектүү, бакубат, күчтүү Кыргызстандын гимнин жазабыз. Биз беш жаштан токсон жашка чейинкилер ырдай ала турган жөнөкөй, татыктуу, жакшынакай гимнди чыгарышыбыз керек”, – деди Нурланбек Шакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Эл аралык кылмыш соту Монголияны Путинди камакка албаганы үчүн айыптоодо

Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Рим статутуна кол койгон мамлекеттер ассамблеясына Россиянын президенти Владимир Путинди өлкөгө болгон сапарында камакка алып, сотко өткөрүп берүүдөн баш тартканы үчүн Монголияга карата дооматтарды кароону тапшырды. Документте ЭКСтин юрисдикциясын тааныган бардык өлкөлөргө, статусуна жана жарандыгына карабастан, эл аралык ордер берилген адамдарды камакка алууга милдеттендирилгендиги айтылат. […]

Сизге жагышы мүмкүн