Нурланбек Шакиев Беларусияга расмий иш сапары менен жөнөп кетти

Автор

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларуска расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 4-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.70 сомдон  болсо, сатуу  88.76 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.71 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн