“Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков кышында аба ырайынын туруксуздугунан авиа компаниялар каттамдарын кечиктирип, же, кийинкиге жылдыра беришээрин айтып, Манас аба майданы алар менен эмитен келишим түзүүсүн сунуштады. Депутат билдиргендей, авиа компаниялар каттамын жылдырган убакта жүргүнчүлөрүнө ысык тамак уюштуруп берүүсү керек.
“Жакында тоңголок, кар жана жолдордун катаалдыгы башталат. Мындайда, адамдар учактар менен учушат. Бирок, авиакомпаниялар каттамдарын жылдыра беришет. Натыйжада, эл кыйналат. Ушул жагын өкмөт колго алсын”,- деди.