Нуржигит Кадырбековдун депутаттык мандаты Эрнис Айдаралиевге тапшырылды

Автор

Бүгүн, 30-августта Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун арызынын негизинде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.
Бош калган эл депутаттык мандаты “Ыйман нуру” партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Эрнис Айдаралиевге өттү. Ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Парламенттин жаңы депутаты 39 жашта. Ал Ош облусунун Алай районунда туулган. Жусуп Баласагын атындагы КУУну юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
Эске сала кетсек, 22-августта Нуржигит Кадырбеков “Ыйман” фондунун иши боюнча күбө катары УКМКга сурак берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу 100 метр бийиктикке көтөрүлдү

Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында бүгүн, 31-августта 100 метр болгон жаңы флагштогдун туусу салтанаттуу көтөрүү аземи өттү. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды. Салтанатка президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка жетекчилер катышты. Эскерте кетсек, желектин узундугу 33 метрди түзөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн