Нурдан Орунтаев отставкасы жөнүндө жооп берди

Автор

Бишкек шаардык Кеңешинин “Өнүгүү” фракциясынан депутат Жаныбек Асанбеков шаардык Кеңештин май айындагы отурумунда вице-мэр Нурдан Орунтаевди отставкага кетип-кетпешине кызыкты. “Батуми кафесин көчүрүп, кайра төлөп бермек болдуңуз. Өмүр бою тергөөчү болуп иштеген экенсиз, эми 3 млн сомду кайдан табасыз? Кылмыш иш козголду, отставкага кетесизби”,- деп сурады эле вице-мэр “менин отставкага кетип, кетпешимди силер чечпейсиңер. Эгер ошондой болсо, эң биринчи силер угасыңар. Ал эми тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу башка сурооңузга жооп бере албайм”,- деди.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Асман шаарынын курулушу белгилүү болду

Асман шаарынын кутучасы (капсула) 30-июнь күнү салынат. Анын долбоору даярдалгыча эле 2 жылдай убакыт кеткен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирди. Ал шаардын аймагы 4 миң гектар болот жана 400-700 миң адам жашайт. “Аны сырткы инвесторлор салат, шаар салгыдай бизде каражат […]

Сизге жагышы мүмкүн