Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктигин жетектеп калган Нурдан Орунтаев шаардык бийликтин жетекчи орун басарлык кызматын аябай жакшы аркалады. Эми шаардагы мыйзамсыз курулуштар боюнча катуу иш алып бараары каңкууланууда.
Арийне, коомчулук ал мурда тергөөчү болуп иштеп турганда аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иш козголгону, ага кымбат баалуу 18 унааны уурдагандарды коргоп, калкалаганы себеп болгонун айтышууда. Бул жөн эле көралбастардын ушагыбы же, чындык пайы барбы аны мезгил көрсөтөт. Канткен күндө да, ал тобокелчи, күрөшчүл жана мамлекетчил экенин вице-мэр кезинде көрсөтө алды.