Быйылкы жыл ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 230 объекттин курулушу жана оңдоо иштери бүткөрүлгөн. Бул тууралуу башкармалыктын башчысы Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылга бекитилген социалдык-маданий объектилердин тизмесине ылайык, аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 25,4 миллиард сом бөлүнгөн, анын 11,6 миллиарды учурдагы каржылоого бөлүнгөн.
Жыл ичинде 230 объектинин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктады, анын ичинде:
100 мектеп,
45 бала бакча,
16 саламаттыкты сактоо мекемелери,
9 маданий жай,
16 спорт комплекси,
12 турак-жай,
22 суу менен камсыздоо объектилери,
10 башка объект.
Айрыкча социалдык объектилердин типтүү долбоорлору бекитилип: 150, 225, 275, 500 орундуу мектептердин, 70, 140, 280 орундуу бала бакчалардын жана спорт комплекстеринин долбоорлору иштелип чыкты.