Бишкектеги 2 миң 500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта ипотекалык батирлер бериле баштайт. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 9 миң 895 үй-бүлөгө батир курулууда. Ошондой эле жакында “Ынтымак конушунда” 8 миң 100 батир салынып баштады.
Белгилегендей, учурда өлкө боюнча 610 турак жайдын курулушу жүрүүдө. 32 миң 777 батирлүү турак жай салынып жатат. Жалпысынан алардын аянты 2 млн 600 миң чарчы метрди түзөт.