Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинанын көз карандысыздыгын тааныды

Автор

Норвегия Палестина мамлекетин расмий тааныганын Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стер 22-майда эртең менен билдирди. Чечим 28-майда күчүнө кирет.
Ирландиянын бийликтери ушундай эле чечимди кабыл алышканын премьер-министри Саймон Харрис жарыялады.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Испания 28-майда Палестинанын көз карандысыздыгын тааный турганын билдирди.
Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац Ирландия менен Норвегиядагы элчилерин консультацияга чакырды. Бул өлкөлөрдүн Палестинаны суверендүү мамлекет катары таануу чечимине байланыштуу болду.
Палестина мамлекетин БУУга мүчө 193 өлкөнүн 138и расмий тааныган. Мамлекеттүүлүгүн АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия жана Израил сыяктуу өлкөлөр тааныбайт.

Бөлүшүү:
Next Post

«Алтын тамга»: Быйыл 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

Кыргызстанда быйылкы окуу жылында «Алтын тамга» мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгы менен 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 68 окуучу Бишкек шаарынан, 20 окуучу Чүй облусунан, 17 окуучу Ош облусунан, 9у Жалал-Абад облусунан, дагы 9у Баткен облусунан, 8 окуучу Талас […]

Сизге жагышы мүмкүн